Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 миллион 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.