Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад ОИИБинде өз кызматында өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу облусттук милициядан билдирди.
"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын түзүлгөн күнүнө карата жана өз кызматында өзгөчөлөнгөн бир нече кызматкерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБинин сыйлыктары менен сыйланышты. Ошону менен катар ИИМде мыкты делген ардагерлер кеңешине акчалай сыйлыктар тапшырылып, кезектеги наамдар да ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Сыйлыктарды Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов тапшырып, аларга бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалап өттү.