Баткенде Өзбекстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткенде чек арадан мыйзамсыз мал ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта Айдаркен чек ара отряды тарабынан мыйзамсыз мал ташуу боюнча 3 факты токтотулду. Алсак, 19-февраль күнү Баткендин Кадамжай районунун Чоң-Каражантак аймагында чек ара тозоту Кыргыз жарандары 1992-жылы туулган К.А., 1991-жылы туулган Н.Д.нын башкаруусунда эки Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Чек арачылар автоунааларды текшерүү учурунда 7 бука жана 4 баш майда жандыктарды мыйзамсыз ташып баратканы аныкталган.

20-февралда ушул эле райондо чек ара кезмети дагы бир Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унааны Кыргыз Республикасынын 1988-жылы туулган А.А. аттуу жараны башкарып бараткан. Анын унаасынан чек арачылар 5 бука табышкан.

Айдоочулар Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылышкан. Тиешелүү документтер аткарылгандан кийин айдоочулар жана малдар компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан