Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында 400 түк чөп жана 2 тонна саман күйүп кетти. Бул туурасында Мамлекеттик өрткө каршы агенттигинен бүгүн, 10-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-декабрь күнү болжол менен саат 19:00дө башталган. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.