Чүйдө абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Чүйдөгү №16 түзөтүү мекемесине баңгизат алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 16-февралда мекеменин түндүк тарабынан имаратка өтүүгө аракет кылган 28 жаштагы М.У.Э жана 22 жаштагы Ш.Б.Н. аттуу Кыргыз жарандары кармалган.

Анда Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаада мекеменин аймагына өткөрүп берүү үчүн даярдалган скотч менен оролгон кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар гашиш баңги затына окшош 2 таңгак алынган. Анын жалпы салмагы 719 граммды түзөт.

Бул факты Чүй облусунун Москва РИИБине катталып, кармалгандарга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан