"Башында чынында баш тарттым". Асел Турдалиева жаңы кызматка дайындалды

Кыргыз Респуликасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Асел Турдалиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды. Бул тууралуу ырчынын өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Өткөн жума күнү мага ректор менен окуу иштери боюнча проректор экөө кирип айтышты. Тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректор болуп иштеңиз, сиз бизге керексиз тажрыйбаңыз чоң дегенде чынын айтканда аябай ойлондум. Себеби мен мындай сунушка даяр эмес болчумун, жумуш абдан оор, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү. Мен баш тартып, кереги жок десем, "жок, болбойт" деген сөзүңүздү билбейбиз" деп коюшту. Бүгүндөн баштап ишке кириштим. Бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш. Бирок мен ойлойм, коллектив өзүмдүкү, студенттерим өзүмдүкү, бөтөн жерге барган жокмун. Кесиптештерим, ректор баш болуп, мугалимдер жамааты, студенттер башында мага жардам берип, колдоо көрсөтөт деп ойлойм. Албетте, жоопкерчилик мурдагыдан да көбөйдү, Кудай деп акырын иштей берейин деп жатам. Алдыда, буюрса, жакшы пландар бар", - дейт Асел Турдалиева.

Бүгүн, 20-февралда тиешелүү буйрукка университеттин ректору Түмөнбай Колдошов кол койду.

Буга чейин Асел Турдалиева окуу жайдын сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан