"Каза болгондор бар". Түркиядагы жаңы жер титирөөнүн видеосу

Түркиянын Хатай провинциясында 5,8 жана 6,4 баллдык жаңы жер титирөөлөрдүн натыйжасында үч адам каза болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы жер титирөөдөн үч адам каза болуп, 213 адам жаракат алган, алардын 18инин абалы оор. Жер титирөөдөн үч имарат кыйраган. Учурда аталган жерде издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.

6,4 баллга жеткен биринчи силкинүү кечээ, 20-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:04тө, экинчи 5,8 баллга жеткен жер титирөө 20:07де катталган.

Жер титирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израилде сезилген.

Түркияда дагы эки жолу катуу жер титиреди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан