УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.
Атайын кызматтын башчысы президент Жапаровдун бул кадамы убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенерин билдирген.
"Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп жатат, биз жалпы бардыгыбыздын биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз.
Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок мен бир гана нерсени баса белгилегим келет – мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем.
Жалпысынан айтканда, бул тема менен чагымчылдык кылуу – туура эмес. Президенттин алдына койгон максаты – чыныгы даанышмандык, айкөлдүк кадам. Ал өз элинин уулу, элине кызмат кылат, кандай кадамга барбасын – өлкөбүздүн кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. А кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса, “муну менен алектенбей эле койгула” деп кеңеш берет элем", - деди Ташиев.