
Ош шаарында телефон уурулары колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 21 жаштагы жаран Оштогу шаардык оорукананын биринде дарыланып жатып, өзүнүн Редми нот 11 үлгүсүндөгү телефонун жаткан палатасынан уурдап кеткендигин айтып, милицияга кайрылган. Ушундай эле мазмундагы арыздар Ош шаарынын 8 тургунунан түшкөн. Алар иш ордунан же ооруканада дарыланып жаткан учурда түнкүсүн өз телефондорун таппай калгандыгын билдирген.
Бул арыздардын негизинде кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында бул уурулуктарга шектүү жарандар аныкталып, аларды кармоо боюнча ыкчам иш аракеттер көрүлө баштаган. Натыйжада шектүү жарандар кармалышты. Алар Ош шаарынын тургундары 1997-жылы туулган И.С. жана 1998-жылы туулган И.М.
Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Кармалгандардын бири И.М. мурда 10 ирет ар түрдүү кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.