Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя учурунда адам жашыруун көмүлгөн делген маалымат болгон.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 2019-жылы жогоруда аталган адамдын сөөгүн жерге берүү боюнча Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, жаран К.М. Кой-Таш окуясына тиешеси жок экендиги аныкталган. Анткени текшерүүнүн жыйынтыгында анын өлүмү кокустуктан улам болгондугу аныкталган. Тактап айтканда, Талас облусунун тоолорунда жоголгон малды издеп жүрүп, кокусунан ок чыгарып алып, кан жоготуудан каза болгон. Бул чогултулган материалдар жана жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү менен тастыкталган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Аталган факты боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыштын курамы жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынган.
Ошондой эле облустук милицияга Ирина Карамушкина чакырылган. Ал көмүү тууралуу Б. аттуу чала тааныш аялдан билгенин айткан. Ал 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары бул маселени коомчулукка көтөргөн.
Жыйынтыгында Кой-Таш окуясында бир адамдын өлүмү жана жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалыматтар тастыкталган эмес.