Бүгүн, 22-февралда Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча Түркиянын чыгышында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча 13:09да катталган. Жер титирөөнүн очогу 644 миң калкы бар Диярбакыр шаарынан 61 чакырым түндүктө жайгашкан.
Бул титирөөдөн жабыркагандар жана кыйраган имараттар боюнча азырынча маалымат жок.
Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркияда очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 42 миң 310 адам көз жумуп, 110 миң киши жабыркады.