Өзгөндө көмүрдүн исине ууланып 3 наристе каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда көмүрдүн исине ууланып 3 наристе кыз каза болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Билдирмеге таянсак, окуя 3-февралда орун алган. Анда Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын К кызы Б., аттуу тургуну кыздары менен үйүндө көмүрдүн исине ууланышып, айылдык ооруканага түшкөндүгү кабарланган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө Мырза-Аке айылынын 26 жаштагы тургуну К кызы Б. жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өзүнүн жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланып калган. Натыйжада апасы айылдык ооруканага жеткирилген. Ал эми кыздары каза болуп калышкандыгы аныкталган.

"Окуя боюнча күбөлөр суралган. Ал эми каза болгон наристелердин жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Андыктан жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан Кылмыш-Жаза Кодексинин 27-беренеси (жосунда кылмыш курамы болбогондо) негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан