Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону белгилүү болду. Бул акыркы бир айда эле коомчулукка ачыкка чыккан төртүнчү учур. Бул тууралуу "Азаттык" медиасы жазды.
Ал арада Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар соңку бир-эки айда аларга мамиле өзгөргөнүн, катаал шартка чыдабагандар согушка кетүүгө макул болушу ыктымал экенин жакындарына айтышкан.
Февраль айынын башында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит, 30 жаштагы Эрлан Эрмеков "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылган. Анын Украинадагы кан күйгөн кармашка кеткенине төрт айга чукулдаган. Апасы Гүлнара Закирова баласы бейкүнөө соттолуп кеткенин, кылмыш болгон учурда ал Кыргызстанда жүргөнүн айтып берген.
Ал акыркы бир жарым жылда Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилбей, аягында уулу Орусиядагы "Вагнер" компаниясынын тузагына илинип, Украинадагы согушка кеткенин айткан. "Вагнердин" кызматкерлери уулунан айрылганы тууралуу суук кабарды 20-февралда угузушкан.
"Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Башка балдарды сактап калганга аракет кылгыла. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, балдарды сактап калгыла", - деп билдирүү жазды Гүлнара Закирова баласы тууралуу суук кабарды уккандан кийин.
Учурда маркумдун сөөгү Ош облусунун Араван районунда жерге берилди.