
Башкы прокуратуранын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды.
Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
2023-жылдын 22-февралында аталган жаран ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.