Пара алып жаткан жеринен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Т.у.К. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А.М. 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышкан.
Аталган кызматкерлер Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 миң сом талап кылган. Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айып пул түрүндө гана каралган, эркинен ажыратуу каралган эмес.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.