Болгарияда өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалган Д.Ибраев аттуу жаран Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн И.Д. январь айында кармалган. Ал 15-февралда Бишкекке алып келинген.
2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир катар алдамчылык аракеттерин жасаган жаран Д.Ибраевге карата издөө жарыяланган. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш объекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 миллион 821 миң доллар алып, андан соң изин жашырып кеткен.