Тажикстандагы жер титирөө Ошто дагы сезилди

Коңшу Тажикстанда катталган 7,3 баллдык жер титирөө Ош шаарында дагы сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бүгүн, 23-февралда Тажикстанда очогунда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Эдилгалый
2023-02-23 11:44:00
Кудай сактасын, бирок кыйла эле жаман болот экенсиң, Турцияны көрүп отуруа берип,шарт эле ойго ошондой нерсе келет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан