Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган А.О. аттуу блогер милицияга жеткирилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө пранкер О.А. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөөгө чейинки керектүү текшерүү иштери жүрүп жатат, жыйынтыгына юридикалык баа берилет.
Буга чейин Асхат Омуров аттуу тиктокчу Бишкектин чок ортосунан чет элдик жаранды тамашага салгандагы видеосу тараган. Бул видео коомчулукта нааразычылык жараткан.