Бишкектин четиндеги Анар-Бак жаңы конушунан жерди мыйзамдаштырып берерин айтып, жаранды 6 миллион сомго алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын жаз айларында шектүү жаран М.Т. алдоо жолу менен жер тилкесин мыйзамдаштырып, документ жасап берем деп убада берип, К.Д. аттуу жарандын ишенимине кирген. Анда ал Анар-Бак жаңы конушунан жерди мыйзамдаштырып берерин айтып, 6 миллион сомдон ашык акчасын алган.
Бирок ал документтерди жасаган эмес жана акчаны өз муктаждыгына жумшаган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жогорудагы жаран кармалды.
Ал райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.