Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кармалган шектүү Кылмыш жаза кодексинин (эски редакциясы боюнча) 203 (Опузалап талап кылуу) жана 253-беренелери (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталган.
Ага карата сот камакка алуу чарасын тандап, ал издөөгө алынган.
22-февраль күнү облус аймагында өтүп жаткан "Ууру" аталышындагы атайын иш-чарасы учурунда мурда соттолгон Сузак районунун 31 жаштагы тургуну Д.Ю. (мурдагы аты О.Т. аты-жөнүн өзгөртүп алган) жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.