"4 жарым гектар". Ысык-Көлдө 18 жаранга мыйзамсыз өтүп кеткен курорттук зонада жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасында жайгашкан Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда 4,62 га аянттагы жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2013-жылы Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ч.Т. аттуу жарандын наамына «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл филиалы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жеке менчик укугу жөнүндө 2 мамлекеттик актылары берилгендиги аныкталган.

Андан соң жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде 18 жаранга өтүп кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арыз берилип, облустук сот толугу менен канааттандырган.

Соттун чечимдери менен жер участогун сатуу-сатып алуу боюнча бардык келишимдер жараксыз деп табылган.

Прокуратура тарабынан Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө талап келтирилип, анын негизинде базар баасы 63 миллион 806 миң сомду түзгөн 4,62 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, мурунку ээлеринин менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан