Сузакта жер тилкелерин жасалма документ менен сатып жүргөн кызматкер кармалды

Сузакта жер тилкелерин жасалма документ менен сатып жүргөн кызматкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н. экени белгилүү болду.

Маалымдалгандай, ал жаранды ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

Мындан улам бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

Кармалган жаранга таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.

Азыркы учурда кармалгандар А.Н. жана К.О. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан