Таластан Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 6-декабрга караган түнү Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 2 тургунуна тиешелүү 12 баш жылкы уурдалып, Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргызстан менен Казакстанды бөлүп туруучу чек ара белгисинен Казакстан тарапка өтүп кеткендиги кабарланган.
Аталган факты 2023-жылдын 1-январында Кылмыш жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.
Кылмышка шектүүлөр 21-февралда колго түшүрүлдү. Алар 46 жаштагы Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын тургуну Э. уулу М. жана 39 жаштагы Куру-Маймак айылынын тургуну М.А. экендиги аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.