Египеттин Александрия шаарында күрөш боюнча "Ibrahim Moustafa” эл аралык турниринде Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Анда 62 килограмм салмакта катышкан Тыныбекова украиналык балбан Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.
Чейрек финалда Айсулуу америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алган.
Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште кытайлык балбан айым менен күч сынашат.