Египеттеги мелдеш: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту

Египеттин Александрия шаарында күрөш боюнча "Ibrahim Moustafa” эл аралык турниринде Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Мелдештин финалдык беттешинде Тыныбекова кытайлык балбан айымды 3:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, 62 килограмм салмакта катышкан Тыныбекова Франция, АКШ, Украинанын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zama
2023-02-25 10:34:00
Алгалай бер Айсулуу, Алтындарга бай сулуу,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан