Египеттеги мелдеш: Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды

Египетте өтүп жаткан "Ibrahim Moustafa" рейтингдик мелдешинде Айпери Медет кызы коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтындагы маалыматта айтылат.

Ага ылайык, Айпери кичи финалдык беттеште кытайлык Цзян Чжоуну 3:0 эсебинде жеңди. Ал турнирге 76 килограмм салмакта катышты.

Ал эми аталган мелдешке 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова америкалык атаандашын тушеге басып, коло медалдын ээси болду.

Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми бүгүн, 25-февралда жыйынтыкталат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан