Азыркы учурда интернетте салым салуудан киреше убадалаган жарандардын сунуштары көбөйүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министрлик берген маалыматка таянсак, шылуундар жарандарды тез байып кетүү сунуштары менен алдашып, ишенчээк жарандардан көптөгөн акчаларын алышат.
"Эгер жарандарга аз убакыттын ичинде кирешесин олуттуу көбөйтүү сунушталса, булар виртуалдык алдамчылар болушу мүмкүн. Жогорку кирешенин кепилдиктерине ишенүүнүн кереги жок. Мисалы, Telegram мессенджеринде белгисиз адамдар болжолдуу кирешелүү инвестициялардын долбоорун жарнамалашууда. Шилтемени басуу менен кызыккан адам телеграм-ботко кирет. Ал жерден алар тез акча сунуштап, баарлашып, ынандыра башташат. Алгачкы “халал” салым салуу 100 доллар экени көрсөтүлгөн.
Белгилүү бир аялдын атынан жүргүзүлгөн канал бар, анда ал тез жана жогорку кирешени убада кылат. Ийгиликтүү акча которуулар жөнүндө отчёттор чатта жарыяланып, видеолор жайгаштырылат, анда ал тапкан акчасы үчүн мактанат. Андан соң бул аял каражаттар кепилденген түрдө кайтарыла турганын айтып, азгыра баштайт.
Ал эми мындай каналдар көп, алар жогорку кирешени убада кылып, аларды криптовалютага салууга көндүрүшөт", - деп айтылат маалыматта.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бардык каржы пирамидалары алдамчылык долбоорлор экенин кошумчалышты.
"Компания “Finiko” жогорку кирешелүү жана тез акча табуу үчүн мүмкүнчүлүк убадалары менен салымчыларды тарткан. Ошол эле жол менен иштеген. Кирешенин скриншоттору алардын чатына тынымсыз жарыяланып турган, көптөр ишенишкен. Анан бул каржы пирамидасы кыйрады. Ага эл миллиондогон каражат жумшады, бир нече миң салымчылар (акча салган жарандар) каражатсыз калды.
Укук коргоо органдары каржы пирамидалары табылганын, алдамчылардын курмандыгы болуу коркунучун тынымсыз айтып жатканына карабастан мекендештерибиздин арасында дагы эле шектүү мыйзамсыз схемаларга акча салууну каалагандар арбын" дешти мекемеден.
Ички иштер министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат.