Египетте өтүп жаткан "Ibrahim Moustafa" рейтингдик мелдешинде кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Финалдык беттеште Талантбеков грузиялык Гела Болквадзеге 10:0 эсебинде утулуп, күмүш медалга татыды. Ал турнирде грек-рим күрөшү боюнча 82 килограмм салмакта күчүн сынады.
Белгилей кетсек, Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми бүгүн, 25-февралда жыйынтыкталат.
Маалымат үчүн: Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова алтын, 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы жана 68 килограмм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова коло медаль уткан.