Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды (видео)

Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-февралда Бишкектин аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышкан. Андан соң күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен.

Андан кийин аталган жаранды эс-учун жоготкон абалда борбордогу батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 доллар талап кылышкан.

Учурда кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан