Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрь күнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Анда 4-декабрь күнү Мурат жана Куба деген эки адам 33 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун уурдап кеткендиги айтылган. Алар аны бошотуу үчүн туугандарынан 6000 АКШ долларын талап кылышкан. Милиция кызматкерлеринин бир катар иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүүлөр кармалып, уурдалган адам бошотулган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан. Алар 1983-жылы туулган Мурат Кадыркулов, ал эми экинчиси 1983-жылы туулган Кубатбек Нуркалиев. Экөө тең мурда бир канча жолу сот жообуна тартылышкан.
Учурда алардын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123 (адам уурдоо), 125 (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу), 170-беренелери (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.