Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жаткан 2 компанияга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаар аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
"Д.С." ЖЧКсы Ош шаарынын Ленинабад көчөсүндөгү жер тилкеге жана "К. С. И." ЖЧКсы А.Шакиров көчөсүндөгү жер тилкеге көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок туруп, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жатышкандыгы аныкталган.
Аталган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (Өзүм билемдик) менен 2 кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.