Бишкекте күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн келин милицияга кайрылды

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук фактысына шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБи тарабынан маалым болду.

Милицияга 25-февралда К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 24-февралда күйөөсү ага жана 2022-жылы туулган кичинекей баласынын денесине залал келтиргенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 35 жаштагы К.Д. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан