Италияда кеме кырсыктап 59 мигрант каза болду

Италиянын түштүгүндөгү жээкте мигранттарды ташыган кеме кырсыктап, кеминде 59 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аман калгандардын айтымында, үч-төрт күн мурда Түркиянын Измир шаарынан чыккан кемеде Ооганстан, Пакистан жана Сомалиден келген мигранттар болгон. Кемеде 140-150дөй адам бар болчу.

Кырсык 25-февраль күнү кечинде болгон. Италиянын жээк күзөт кызматынын маалыматы боюнча, кайык жээкке бир нече метр алыстыкта ​​таштарга сүзүлгөн. Андагы адамдардын айрымдары өз алдынча качып кетүүгө үлгүргөн. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар бар.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Италиянын премьер-министри Жорж Мелони трагедияга терең кайгыруусун билдирип, анын өкмөтү мындан аркы катастрофаларды болтурбоо үчүн мыйзамсыз миграцияны токтотууга чечкиндүү чара көрөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан