Казакстанда айдоочу эки аялды 4 баласы менен ашууга таштап кетти

Коңшу Казакстандын Алматы облусунда такси айдоочусу эки аялды балдары менен чогуу ашууга таштап кетти. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Кечээ, 26-февралда Конаев шаарынын куткаруучулары Конаев-Баканас унаа жолунда издөө-куткаруу иштеринен кайтып келе жаткан учурда Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу токтоткон.

Айдоочу Малайсары ашуусундагы Баканас айылына бара жатып, жамгыр аралаш карда калган 2009, 2012, 2020 жана 2021-жылы туулган 4 баласы менен 1984 жана 1991-жылы туулган эки аялды алып келе жатканын билдирген.

Аялдар аларды башка айдоочу кар жаап жатканда ашууга таштап кеткенин айтышкан. Куткаруучулар атайын унаалар менен балдары бар аялдарды алып кетип, жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылышкан.

Такси айдоочусу эмне үчүн аялдарды балдары менен бирге ашууга түшүрүп кеткени айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан