Баткен облусунун Кадамжай районунда дээрлик 10 гектарга жакын жер жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Прокуратура тарабынан, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталган.
"Алар өзүнүн жана башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп 9,8101 гектар мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги 34 миллион 600 миң сомдук жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берип жиберишкен.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.