АКШдан келген баңгизатты интернет аркылуу сатып жүргөн жарандар кармалды

АКШдан келген баңгизатты интернет аркылуу сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн эрежелери, белгиленген буюмдардын аткезчилиги) жана 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында “баңги каражаттарын көзөмөлдөп жеткирүү” боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө 25-февраль күнү Бишкек шаарындагы ири дүкөндөрдүн биринин жанынан көзөмөлдөнгөн баңгизаттарды алуу учурунда эки жаран И.А. жана А.А. кармалды.

Мындан аркы иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында кармалган жарандар И.А. менен А.А. 2022-жылдын ортосунан баштап Telegram мессенджери аркылуу баңгизаттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучулары экендиги аныкталган. Бул интернет-дүкөндүн 377 активдүү катталуучусу бар болгон. Сатып алуучулар тарабынан төлөм акылары ар кандай электрондук капчыктар аркылуу криптовалюта түрүндө жүргүзүлүп келген.

Бул баңгизаттардын партиясынын орто эсеп менен баасы 1 килограмм үчүн 30 миң доллар турат. Баңгизаттарды Кыргызстанга ташып келүү эл аралык почта компаниялары аркылуу жүргүзүлгөн. Кармалган жарандардын биринин батирин баңгизаттарды сактоо жана таңгактоо үчүн интернет-дүкөн катары колдонушкан. Тинтүү учурунда колдонууга даяр болгон баңгизаттардын бир бөлүгү, ошондой эле аларды сактоону, жашырууну андан ары ишке ашыруу үчүн идиштер табылып алынган.

Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 2 килограмм 99 граммды түздү. Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан