Биз социалдык тармакта

Ошто такси айдоочусун бычактап кетишти

Ош облусунда такси айдоочусун бычактап өлтүрүп, унаасын айдап кетишкен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 25-февраль күнү саат 21:20 чамасында милицияга Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз азият түспөлүндөгү 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери барышып, кылмыш иши козголгон.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 25-февраль күнү саат 20:31 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы Ж.Ж. аттуу жарандын үйүнө белгисиз жаран жаракат алып, оор абалда келгендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында маркумга тиешелүү ак түстөгү Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасы Ош шаарынын Салиева көчөсүнөн табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан