Бишкектеги үрөй учурган кылмыш: Шектүү менен маркум спирт ичимдигин ичишкен

Кылмышка шектүү адам өлтүрүүгө бир нече саат калганда жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичкен. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда АКИpress'тин түз эфиринде Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев билдирди.

Ал 5-кичи райондогу үч кишини өлтүрүү фактысы боюнча маалымат берип жатып, мындай мүнөздөгү кылмыштардын баары үй-бүлөлүк шартта же алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин жасала турганын айтты.

Белгиленгендей, окуя болгон жерди кароо учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери табылган.

"Шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичкен, бул экспертизанын жыйынтыгы менен да тастыкталды. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, ал трагедияга айланган", - деди Ногойбаев.

Эскрете кетсек, ушул жылы 16-февралга караган түнү борбор калаанын тургуну жашы жете элек эки баласы менен өз батиринде өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү 37 жаштагы Ч.А. аттуу жаран өз үйүндө кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан