Сузак районунда бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБине Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, чала тааныш Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон дагы 3 шериги менен биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген.
Жабырлануучулар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш иши боюнча 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-жылы туулган Т.А. кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына бир айга камакка алынган. Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар жүргөн жерлерин жашырып, тергөөгө келбей белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу аларга карата издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, Сузак райондук соту тарабынан сырттан камакка алуу түрү тандалган.
"Аталган кылмыш иши боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган А.уулу М, 1984-жылы туулган С.А., 1989-жылы туулган С.Б. жана 1990-жылы туулган А.А. кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.