Ош шаарынын жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда 2 килограммга жакын гашиш табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 1987-жылы туулган К.Д. аттуу Ош шаарынын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы ооган түспөлүндөгү гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.