
Суусамыр өрөөнүндө жалпы баасы жарым миллион сом болгон эки айгырды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Р.У. аттуу жаран милицияга кайрылган. Кайрылуусунда ал 22-февраль күнү саат болжол менен 21:30 чамасында Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан мал сарайынын ичинен жалпы баасы 500 миң сомду түзгөн эки баш айгырын жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында 1999-жылы туулган А.Э. аттуу жаран уурдаган айгырларды сатууга аракет жасап жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Уурдалган айгырлар кылмыш иши боюнча буюм далили деп табылып, ээсине тил кат аркылуу кайтарылып берилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.