Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдик жарандарга сатып алууга уруксат берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков жана Элмурза Сатыбалдиев Ысык-Көлдөгү туристтик объектилерди чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга сатып алууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилге эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу объектилерге, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөргө тиешелүү болот.
Ага ылайык, чет элдик жарандар же юридикалык жактар курулган объектилерди гана сатып алат же жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга алып, өздөрү кура алат.
Демилгечилер бул мыйзамдын кабыл алынышы Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык системасын өнүктүрүүгө салым кошуп, өзгөчө статусу бар аймактардан тышкары Кыргызстандын бүткүл аймагында туристтик тармакка инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берерин белгилешкен.
Эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдиргендей, мыйзам долбоорунда жер сатуу боюнча эч кандай сөз болгон эмес, тескерисинче сатууга уруксат берилбейт деп жазылган.
"Азыр бир нерсени толук угуп-укпай эле сүйлөй берүү адат болуп баратат. Айрым ЖМКларда жер сатууга уруксат берүүнү демилгеледи деген маанайда маалымат тарап жатат. Мыйзам долбоорунда жер сатылсын деген сөз жок, тескерисинче сатылбайт деп жазылып турат. Чет элдиктер жер тилкесин белгилүү бир мөөнөткө пайдаланууга алып, эс алуу жайларын кура алат. Ошондой эле мурда курулган объектилерди сатып алып оңдоп-түздөп, туристтик жайга айлантса болот. Бул туризмдин өнүгүүсүн шарттайт", - деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле ал убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерин мөөнөтү бүткөндө мамлекет кааласа келишимди кайра узартарын, кааласа өз карамагына алып коё аларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурдагы мыйзамда жогоруда аталган жайларды чет өлкөлүк тараптын менчигине өткөрүүгө уруксат берилбейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан