Түркиянын Малатья шаарында дагы жер титирөө болду

Түркияда болгон жаңы жер титирөөнүн кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, 69 адам жаракат алды. Күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу үч апта мурда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Малатья провинциясына туура келди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жапа чеккен аймактарга бир нече күндөн кийин гана жардам берилгени үчүн кечирим сурады:

"Жер титирөөлөрдүн кыйратуучу мүнөзүнөн, татаал аба ырайынан жана учурдагы инфраструктуранын олуттуу бузулушунан улам биз биринчи күндөрдө талаптагыдай иш кыла алган жокпуз, тактап айтканда, Адияманда. Бул үчүн кечирим сурайм", - деди Эрдоган.

Куткаруучулар кыйраган имараттардын урандыларынын астындагы адамдарды издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Түркия февраль айында бир катар жер титирөөнү башынан өткөрдү. Алардын эң күчтүүсү 6-февралда өлкөнүн түштүк-чыгышында катталган. Негизги жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан