Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги Киев-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүнө өрт койду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Окуя саат 16:00 чамасында болгон. Анда эркек адам өзүнө өрт койгон. Ал тирүү. Өрттү көчөдөгүлөр өчүрүп калышкан.
Жеринде "Тез жардам" кызматы иш алып барууда.