ЖЫЛНААМА: Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү

Бүгүн, 1-март - Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.

1931-жылы бир нече мамлекеттердин демилгеси менен француз медициналык кызматынын генералы Жорж Сен-Поль Парижде "Женева зоналарынын ассоциациясын" негиздеген. Бул уюм 2 же көп жактуу макулдашуулар аркылуу бардык өлкөлөргө коопсуздук зоналарын орнотууну көздөгөн. Кийинчерээк бул ассоциациянын аталышы Эл аралык жарандык коргоо уюму деп өзгөртүлгөн.

Ал эми 1972-жылы аталган уюм өкмөттөр аралык уюмдун статусун алган. Учурда ага 53 мамлекет мүчө, 16 мамлекет байкоочу болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү 1990-жылы бекитилген.

Максаты - жарандык коргоо тууралуу маалыматтарды пропагандалоо жана улуттук куткаруу кызматтарынын сапатын жакшыртуу.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан