Жалал-Абадда абакка баңгизат киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды

Жалал-Абадда абакка баңгизатын өткөрүү аракетин кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү саат 17:05 чамасында Жалал-Абад шаарындагы ЖАКтын №10 мекемесинин түштүк тарабынан 1989-жылы туулган Ж.А.Н. аттуу жаран армалган. Андан мекеменин аймагына өткөрүп берүү үчүн скотч менен оролгон, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, гашиш баңги затына окшош, жалпы салмагы 510 граммды түзгөн таңгак алынганы айтылат.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБинде каттоого алынып, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан