Бишкекте 44 жаштагы жаран жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 27-февраль күнү милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Арызында ал А. аттуу жаран 2006-жылы туулган кайын сиңдиси менен жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.
Бул факты каттоого алынып бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран аныкталган.
Учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.