Бишкектеги Масалиев көчөсүндө дагы бир жол кырсыгы болду (фото)

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарындагы Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду.

Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа менен дагы бир ушул эле үлгүдөгү кичи автобус сүзүшкөн.

Учурда жеринде кайгуул кызматы иш алып барууда. Жаракат алгандар боюнча так маалымат жок.

Эске салсак, 27-февралдан 28-февралга караган түнү ушул эле көчөдө үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда Honda Fit менен Honda Stream сүзүшкөн. Кырсыктан Honda Stream унаасынын айдоочусу жеринде каза болуп, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада көз жумган.

Ошондой эле 5 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан