ЖЫЛНААМА: Ширеңкенин эл аралык күнү

Бүгүн, 2-март - Ширеңкенин эл аралык күнү.

Адам баласы ширеңкенин азыркы технологиясына жетиш үчүн кыйла өнүгүү жолун басып өткөн. Байыркы адамдар отту алуу максатында жыгачты жыгачка сүрүп же болбосо оттук ташты чагышып ар түркүн түйшүктү башынан кечиргени маалым.

Айтылуу химик Бертолле XVIII кылымдын соңунда өрт химиялык реакциянын натыйжасында пайда болорун далилдеген. Эгерде талчага хлорноватисталык кычкыл калийди куйса от чыгары аныкталган. Ошентип дүйнөнүн туш тарабында ширеңке чыгаруу түйшүгү башталат. Акыры Шапсель аттуу адам 1812-жылы өзү күйө турган ширеңкени ойлоп тапкан. Шапселдин ширеңкелери сера менен бертоль тузу жана киновардын кошулмасынан чыккан суюктук талчанын башына тамызылып жасалган. Андан кийин да ширеңкенин күйө турган сапатын өркүндөтүү багытында изденүүлөр токтогон эмес.

Биринчи "зыянсыз ширеңкелерди" 1851-жылы швециялык бир тууган Лундстремдер чыгарышкан. Мындан улам фосфорсуз ширеңкелер узак убакытка чейин "швециялык" деп аталып келген.

2-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-03-02 15:33:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан