Сузакта өзүнөн улуулар сабаган 15 жаштагы окуучу каза болду

Сузакта ур-токмокко кабылган 15 жаштагы окуучу каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен маалымдашты.

Милицияга кечээ, 1-мартта маркумдун агасы кайрылган. Анда ал 8-класста окуган инисин Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин айланасында бейтааныш балдар уруп, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, иниси аймактык ооруканада өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 1-мартта болгону такталган. Анда Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын 4 окуучусу ошол эле мектептин 9-классынын 5 окуучусун бир катарга тизип алып “эмнеге түндөсү көчөгө чыкпай жатасыңар” деп урушкан. Ал учурда 9-класстын окуучусу Т.М. денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылган. Ал денесинен оор жараат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Шектүү катары 17 жаштагы Д.М., Ю.Ж., жана 16 жаштагы С.А., А.Ө. Сузак районунун тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-03-02 20:59:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан